Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Карылар үйүндөгү үмүттүү көздөр

Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө багар-көрөрү жок 200гө жакын адам байырлайт. Алардын 150сү орус улутундагылар, калганы кыргыз. Он чактысы өз ара баш кошуп алгандар. Карылар үйү делген менен бул жерден жылуулук издегендердин эң жашы 23тө болсо, ал эми эң улуусу 96 жашта. Баарынын тагдыры куюп койгондой окшош: же балдары таштап кеткендер же кырсыктан улам жакындарынан айрылгандар.

16x9 Image

Уланбек Эгизбаев

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG