АКШда калың кардан улам 2000ге жакын авиакаттамдар уча албай кармалууда. FlightAware сайты кабарлагандай, Нью-Йорктогу үч аэропорт кар “туткунунда” калды. Бостон менен Филадельфиядагы каттамдардын 20% кармалууда.
Темир жол азырынча үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бирок аба ырайына жараша поезддердин графиги өзгөртүлүшү мүмкүн экени эскертилди.