Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Түркияга учкандар дыкат текшериле баштаганы айтылууда


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

Бишкектен Түркияга кетип жаткан эркектерди “Манас” эл аралык аэропортунда жарандык кийимдеги кишилер дыкат текшерип жатканы тууралуу маалымат социалдык тармактарда дүйшөмбү күнү тарады. Бирок аэропорт жетекчилигинин мындан кабары жок экендигин, бул боюнча аныктоо жүргүзүлөрүн мекеменин аткаруучу директору Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдирди. Текшерүү Сирияга кетип жаткандарды азайтуу багытында болушу да мүмкүн.

- Буга чейин коопсуздук күчтөрү Сирияга жарандардын Түркия аркылуу кетип жатканынан улам атайын текшерүүлөр жүргүзүлөрүн маалымдаган. Бирок качан жана кандай негизде болору айтылган эмес. Аэропорттогу текшерүүлөр боюнча тактап, коомчулукка анык маалыматты жеткиребиз.

Күч органдары Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар негизинен Түркия аркылуу кетерин айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG