Кумтөр долбоору боюнча соңку сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 27-январда Кыргызстанга "Центерра" жетекчилигинин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн кыргыз тараптын чет элдеги консультанттары дүйшөмбүдө Бишкекке келген.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, тараптар ортосунда жаңы долбоор боюнча 20 талаш пикир жаралган. 11 суроо боюнча мунаса табылган. Дагы 9 пункт талкууланышы керек. Ортодо экологиялык маселелер боюнча пикир келишпестик бар.
“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку сүйлөшүү 19-декабрда болгон. Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. (SE)