Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Майыптар үй бөлүштүрүүгө нааразы


“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун жыйырмадай мүчөсү өткөн жумада майыптарга берилген үйлөр акыйкатсыз бөлүштүрүлгөнүн айтууда. Алар көп жылдан бери үй алуу үчүн кезекке туруп келгенин белгилешүүдө. Нааразы болгондордун бири Жетимиш Амашевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жакында үйлүү болгон майыптардын арасында буга чейин мамлекеттен үч-төрт жолу үй алгандар бар.

Өткөн жумада Көк-Жар кичи районунда “Азиздер жана дүлөйлөр”
коомунун мүчөлөрүнө бир бөлмөлүү батирдин ачкычтары тапшырылган. Бул 9 кабаттуу үйдө 90 батир бар жана анда 300дөн ашык адам жашайт. Аталган коомдук уюмга 10 200 киши мүчө. (ZA)

XS
SM
MD
LG