Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Балдарды кордоого каршы маалыматтык кампания башталат


Кыргыз өкмөтү ЮНИСЕФ менен биргеликте балдарга карата зордук-зомбулукка каршы маалыматтык кампания баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Кампания “Мен зомбулукка каршымын!” деген ураан алдында өтөт. Анын алкагында зомбулукка кабылганда же ошондой учурга күбө болгон учурда эмне кылуу керек, кимге кайрылуу зарыл деген маалыматтар берилет. Тарбиячылар жана ата-энелер үй-бүлөдө балдарды уруп-сокпой тарбиялоо жолдору менен таанышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр тогуз айда республика боюнча зордук-зомбулуктан жабыркаган 92 учур катталган. Алардын 42 пайызы жаш балдарга туура келет. ЮНИСЕФ менен Улуттук статистикалык комитетинин иликтөөсүнө караганда, бир жаштан 14 жашка чейинки балдардын 57 пайыздан ашууну ата-энелеринин уруп-согуусуна, психологиялык басымына кабылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG