Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Чек ара кызматына жоокерлерди тандоо талабы өзгөрөт


Мындай маалыматты Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшенбиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын атайын буйругуна ылайык, Чек ара кызматына жоокерлерди тандоодо, медициналык текшерүүдө талап өзгөрүлөт.

Мындай аракет Лейлектеги “Айкөл” чек ара тозотунда болгон окуядан кийин кабыл алынган.

16-январда түнкү саат 11лер чамасында Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотундагы ок атуудан бир чек арачы өлүп, экөө жарадар болгон. Аскердик прокуратура бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, эки чек арачы ок атууну уюштурган деп кармалган. Ок аткан жоокер аскерге кабыл алынаарда медициналык текешерүүдөн жалган көрсөтмөлөр менен өткөнү да айтылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG