Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Кордолгон эки жашар наристенин атасы кармалды


Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тергөөчүсү Нурбек Токтосунов билдирди. Анын айтымында, жакындарынын ур-токмогуна кабылды деп, оор абалда ооруканага түшкөн эки жашар наристенин атасы, 1973-жылы туулган Назар Түлөбеков 161-беренеге ылайык (баланы тарбиялоо милдетин аткарган эмес) кармалып, ага иш козголду. Учурда ал убактылуу кармоо жайында отурат. Токтосунов баланын апасы Орусиядан келгенин кабарлады. №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков бала өз алдынча дем алып калганы менен комадан чыга электигин, абалы оор экенин кечээ, 26-январда билдирген.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда түшкөн. Милиция бул окуя боюнча атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ымыркайды сабоого шектелген 47 жаштагы жаран жубайы менен камакка алынган. Учурда тергөө, иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG