Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Атамбаев Монголиянын президенти менен жолукту


Бүгүн, 27-январда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар тармактардагы эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

Атамбаев менен Элбэгдорж өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду мындан ары активдештирүү, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл экендигин белгилешти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG