Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Нарында милиция кызматкерлерине кол салуу болду


26-январь күнү кечки саат 11лер чамасында Нарын шаарындагы кафелердин биринин алдында мушташып жаткан топ балдарды ажыратууга барган Нарын ШИИБинин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери кол салууга кабылды. Бактыга жараша милиция кызматкерлери жаракат алышкан эмес. Окуя болгон жерден кылмышкерлердин бирин колго түшүрүп, калганы качып кетишкен. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Нарын облустук ишки иштер башкармачылыгынын башчысы Орозобек Молдосариев билдирди.

2013-жылы Жумгал районунда да милиция кызматкерине кол салуу болуп, раймилиция кызматкери Айбек Мамбеткариев кылмышкердин колунан каза тапкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG