Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясынын жыйынында вице-мэр Турдалы Темирбаев билдирди. Анын айтымында, 4818 үй-бүлө жакыр катары каттоого алынган жана алардын 724тү өтө жакырлардын катарына кирет.
2014-жылы бул үй-бүлөнүн балдарына жалпы жана социалдык маанидеги 38,4 млн. сомдук жөлөк пул берилген. Статистикалык маалыматтар боюнча, Жалал-Абад шаарында 100 миңдин тегерегинде калк жашайт.
Дүйнөлүк банк Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда калктын 38% жакыр адамдардын катарына кирет. 2009-жылы бул көрсөткүч 32% болгон. Кирешеси аз үй-бүлөлөр негизинен аймактарда жашайт. Тагыраак айтканда, жакыр деп эсептелген кишилердин 73% айыл тургундары. Президент Алмазбек Атамбаев жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында Кыргызстан жакыр өлкөлөр тизмесинен чыкканын билдирген. (RsK/КЕ)