Бүгүн Лондондо ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмү боюнча соттук угуулар башталды. Ал 2006-жылдын ноябрында британ ооруканасында көз жумган. Өлүмгө радиоактивдүү полоний менен уулануу себеп болгону айтылган.
Коомчулук үчүн ачык угуулар он жумага созулат. Андан кийин угуулар жабык өтөт, анда британ атайын кызматтарынын жашыруун документтери каралат.
Соттук иш башталаардан мурда Лондондогу The Daily Telegraph гезити АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги Британиянын МИ5 контрчалгындоо кызматына Литвиненкону өлтүргөн деп шектелип жаткан адамдар менен аларга Москвадан буйрутма берген адамдын ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн жазууларын өткөрүп бергенин жазды.
Гезит белгилегендей, бул сүйлөшүүлөр Литвиненконун өлүмүнө Орусиянын атайын кызматтарынын байланышы бардыгынын маанилүү далили болуп калышы мүмкүн.