Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши бүгүн, 28-январда Бишкекте башталат. Ага кыргызстандык боксчулардан сырткары, Таиланд, Монголия, Литва, Эстония, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кытай, Тажикстан жана Орусиядан 150дөй мушкер катышат. Спортчулар 10 салмакта күч сынашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди. Анын айтымында, беттештер Кожомкул атындагы спорт ордосунда беш күнгө созулат.
Турнирди өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 млн 200 миң сом бөлүнгөн.
Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган турнир 38-жолу өтүп жатат. Өткөн жылдан тарта мелдеш Азиялык бокс конфедерациясынын календарына киргизилген. Ага 18 жаштан 40 жашка чейинки мушкерлер катыша алат. (Ech)