Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Кыргызстанда 100 миңдей бала мектепке барбайт


Мектепке барбаган балдардын көбүнүн ата-энеси чет элде мигрант болуп жүрөт.
Мектепке барбаган балдардын көбүнүн ата-энеси чет элде мигрант болуп жүрөт.

Ички иштер министрлигинин Байкоочу кеңеши Кыргызстанда 100 миңдей бала мектепке барбай турганын жарыялады. Бул абал өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун саны өсүшүн шарттап жатканын кеңештин мүчөсү Александр Зеличенко фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын өзүндө эле бир күндүк рейд учурунда чатырларда жашап жүргөн 80дей бала кармалган учурлар болгон.

Эксперттердин баамында, өспүрүмдөрдүн мектепке барбай, кылмыш дүйнөсүнө аралашып калуусуна ата-энелер балдарын таштап, чет элге иштегени кетиши негизги фактор болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG