Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:17

Обама менен Меркель Украинадагы абалды талкуулады


Барак Обама жана Ангела Меркель, Берлин, 2013-жыл.
Барак Обама жана Ангела Меркель, Берлин, 2013-жыл.

Германия канцлери Ангела Меркель менен АКШ президенти Барак Обама Украина чыгышындагы согуштук аракеттерди телефон аркылуу талкуулап, Украинага ишенимдүү каржылык колдоо көрсөтүү маселесин сүйлөштү.

Ак үйдөн маалымдашкандай, эки лидердин маектешүүсү 27-январь күнү Обама Сауд Арабия жана Индияга болгон сапарынан кайтып келери менен уюштурулган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар Москва тарабынан орусиячыл жикчилдер колдоого алынып жатканына токтолушту.

Украина чыгышындагы абал соңку күндөрү дагы чыңалып, жикчилдер тарабынан соккулар күчөй баштады.

XS
SM
MD
LG