Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Турсунбеков: Кумтөр маселеси чечилбесе өкмөткө ишеним кетет


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” маегинде билдирди. Ал Кумтөр боюнча маселе кечеңдеп кеткенин белгилеп, бул жолу жыйынтык чыкпаса коомчулуктун өкмөткө ишеними жоголорун айтты.

- Жок эле дегенде принципиалдуу маселе болгон 50Х50 пайыз деген биргелешкен компания Кыргызстанда түзүлүшү керек. Аны башкаруу боюнча бизде бир топ сунуштар бар. Шарттар аткарылбаса, жеке эле бул өкмөттүн тагдыры эмес, өлкөдө көп маселе боюнча кырдаал курч бойдон калат.

Кумтөр долбоору боюнча соңку сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн "Центерранын" жетекчилиги, Кыргызстандын чет элдеги юридикалык, каржылык жана экологиялык консультанттары Бишкекке келген. “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жолку сүйлөшүүлөр 30-январга чейин созулат.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, башында тараптар ортосунда жаңы долбоор боюнча 20 талаш пикир жаралган. Анын ичинде 11 суроо боюнча буга чейин мунаса табылган, дагы 9 пункт талкууланышы керек. Ортодо экологиялык маселелер боюнча да пикир келишпестик бар. (КE)

XS
SM
MD
LG