Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Жаңы депутаттар ант берди


Бүгүн парламент жыйынында КСДП жана “Ата-Журт” фракцияларына жаңы кошулган эки депутат: Саматбек Ибраев жана Таалайбек Ибраев ант берди. Алар акыйкатчынын орун басары болуп кеткен Гүлнара Жамгырчиева менен камактагы Нариман Түлеевдин ордуна келишти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-январда камактагы Нариман Түлеевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Буга чейин Ленин райондук соту Түлеевди баш калаанын мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG