Жогорку Кенештин депутаттарынын 27-январда облустук администрацияда жергиликтүү тургундар менен болгон коомдук угуусу ызы-чуу менен коштолду. Жыйынга катышкан коомдук ишмер Максат Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, чогулгандар эл өкүлдөрүнө микрокредиттик компаниялардын жабылуусу, электр энергиясынын кымбаттоосуна байланыштуу талаптарды жана Садыр Жапаровдун китебинде айтылган фактылар иликтенүүсү керектигин айтышты. Ошондой эле парламент “Кумтөр” маселесин жана мамлекеттик дирекциянын ишин иликтөөнү соңуна чыгаруусу керектигин билдиришкен. Жыйын жүрүшүндө айрым катышуучулар депутаттар сүйлөп жаткан учурда залдан чыгып кетишти.
Депутат Данияр Тербишалиев жолугушууда айтылган талаптар туура экендигин айтып, жергиликтүү бийлик жана өкмөт тургундар менен алгылыктуу иш алып баруусун белгиледи жана талаптар ЖКда караларын кошумчалады.
Аймактагы коомдук угууну “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” уюштуруп, ага парламенттеги ар бир фракциядан бирден депутат келген. (RsK)