Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Бишкекте окурмандарды тартуу акциясы башталды


Бүгүн Бишкекте “Троллейбустагы окурман” деген аталышта акция өттү. Аталган иш-чара борборлоштурулган китепкана тармагы жана троллейбус башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду. Мында китепкана кызматкерлери жүргүнчүлөргө көчөлөрдүн аттары, алардын качан өзгөртүлүп аталганы жана атактуу жерлер тууралуу маалымат беришти. Жүргүнчүлөр бул жолу Жибек-Жолу, Манас проспектиси, Иса Ахунбаев, Карл Маркс көчөлөрү, Асанбай кичи районунун тарыхы менен таанышты. Ошондой эле троллейбуста китептердин көргөзмөсү өтүп, жүргүнчүлөргө сунушталды.

Уюштуруучулардын айтымында, “Троллейбустагы окурман” акциясы мындан ары ай сайын ишемби күндөрү өтүп турат. Бул иш-чара шаардык китепканалар тууралуу маалымат берип, коомчулукту китеп окууга тартууну максат кылат. (ZA)

XS
SM
MD
LG