Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

УКМК БНКнын арзан сатылышы боюнча кылмыш ишин козгоду


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлери улутташтырылган “Петрол групп” компаниясын сатууда мамлекетке пайдасыз келишим түзгөн. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, жасалма түрдө келишим түзгөнүн аныктады. “Петрол группту” сатууда анын баасы арзандатылып көрсөтүлүп, натыйжада өлкө бюджетине ири суммада зыян алып келген”, - деп жазылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин 304, 306, 224-беренелерине ылайык (“кызмат абалынан кыянаттык менен падалануу”, "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү”, “пара берип сатып алуу”) кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик БНК компаниясынын бир бөлүгү болгон “Петрол групп” компаниясын улутташтырган эле. Кийин аны кайра эле БНК сатып алган. Алгач анын наркы 1,5 миллиард сомго чейин бааланып, бирок көп өтпөй аукциондогу кардарлар аны алуудан баш тарткан. БНКны орусиялык “Роснефть” компаниясы 137 миллион сомго сатып алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG