Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Чаткалда өспүрүмдүн өлүмү үчүн 7 окуучу камакка алынды


Райондогу С. Байдөлөтов атындагы орто мектептин 11-классынын 7 окуучусу Адылбек Ашырбек уулунун өлүмүнө шектүү катары кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, Чаткал райондук соту шектүүлөрдү 2 айга чейин камакта калтырды.

21-январь күнү кечинде райондун Каныш-Кыя айылында мектеп окуучулары урушуп, натыйжада 10-класстын окуучусу Адылбек Ашырбек уулу каза болгондугу айтылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG