Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери автобазарды курууда 4,5 млн. каражатты мыйзамсыз ээлеп алганын аныктады.
Бул тууралуу бүгүн УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2013-жылы Ош мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы автобазарды куруу үчүн “Арх-ТБ” ишканасы менен келишим түзгөн. Ал 39 млн. 300 миң сомдон ашуун деп бааланган.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул баа атайылап ашыкча көрсөтүлгөндүгүн аныктады. Мунун айынан өлкө бюджетине 4 млн. 345 миң сомдон ашуун зыян алып келген. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 171-беренесине ылайык (ишенип берген каражатты максатсыз коротуу) кылмыш иши козголду. Тергөө, иликтөө иштери уланууда. (КЕ)