Триполиде мейманканадагы теракттан мерт кеткендердин арасынды үч тажик жараны болгонун Ливия бийликтери билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө баш калаасындагы дипломаттар жана ишкерлер жайгашкан “Коринтия” мейманканасына кол салуу 27-январда болгон. Андан жети адам мерт кеткен. Алардын үчөө тажик, бири америкалык, дагы бири франциялык жана дагы экөө ливиялыктар экени кабарланды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги учурда бул маалыматты тактап жатканын билдирди.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, мейманканага беткап кийген куралчан беш адам чабуул койгон. Чабуул маалында имараттын жанындагы унаа да жардырылган.
"Франс-пресс” маалымат агенттиги кабарлагандай, кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алды. Экстремисттер бул чабуул “ал-Каиданын” мүчөсү, ливиялык Абу Анас ал-Либинин өлүмү үчүн өч алуу экенин билдиришти.