Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Башкы прокуратура: Жапаровдун китебиндеги маалыматтар тастыкталган жок


Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Январдын башында учурда Польшада жашап жаткан экс-депутат Садыр Жапаров “Саясаттагы 10 жыл” деген китебин чыгарган. Анын жазганына караганда, 2011-жылы Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга жөнөтүлгөн гумжардам менен кошо 3 тонна алтын чыгарылып кеткен. Аны өлкөнүн ошо кездеги эң жогорку жетекчилиги, тагыраагы Роза Отунбаева же Алмазбек Атамбаев гана чыгарууга күчү жетмек деп жазат автор.

Башкы прокуратура китепте айтылган фактыларды териштирип, тиешелүү кишилерди сураган. Бирок маалыматтар тастыкталган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG