Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:42

Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды алты айга узартышы мүмкүн


Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды дагы алты айга узартары жана “кара тизмеге” жаңы адамдарды киргизери күтүлүүдө. Бул тууралуу биримдиктин тышкы иштер министрлеринин атайын билдирүүсү даярдалганын Reuters агенттиги жазып чыкты.

Украинадагы соңку кырдаалдан кийин Орусияга санкцияларды күчөтүүнү талкуулаган Европанын башкы дипломаттарынын жолугушуусу 29-январда Брюсселде өтөөрү күтүлүүдө. Дал ушул жолугушууда аталган билдирүү кабыл алынышы мүмкүн.

Буга чейин Евробиримдиктин лидерлери тышкы иштер министрлерине Украинанын чыгышындагы абал боюнча Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин карап көрүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG