Горловка шаарындагы атышууларда беш жайкын тургун каза болгону тууралуу калаанын саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдирди. Донецк облусундагы бул шаар былтыр жикчилдердин колуна өткөн. Андан бери өкмөттүк күчтөр менен салгылашууларда 120га жакын шаар тургуну набыт болуп, 250дөй адам жараат алды.