Волейбол боюнча эркектер арасында улуттук лигадагы өлкө чемпионаты 28-январда башталды. Волейбол федерациясынан билдиришкендей, 2015-жылдагы чемпиондук наам үчүн алты команда ат салышууда. Алар «Ош бажы», «Салам-Алик», «Жаңы-Муун», «Улуттук Гвардия», «Жети-Суу» жана «Жаш күч» командалары.
Чемпионат үч турда өтүп, алты команда бири-бири менен ойнойт.
Былтыр чемпиондук наамды «Ош бажы» командасы алган. (ECh)