Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова, Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев Кыргызстандагы кыйноолорду алдын алуу борборунда иштегендердин 70 пайызы кыргыздар - “титулдук улут” болушу керек деген демилге көтөрүп, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташкан.
Жарандык коом өкүлдөрү бул сунушка укуктук баа берүүнү сурап Башкы прокуратурага кайрылышты. Мындан тышкары депутаттардын демилгелерине каршы кол топтоп жатышат. Ага алгачкылардан болуп “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы”, “Балдар укугун коргоо лигасы”, “Жарандык катышуу”, “Аймактык изилдөө институту”, “Эркиндик үнү” коомдук фонддор кол коюшту. Бул тууралуу жарандык лидер Динара Ошуракунова билдирди.
Кыйноолорду алдын алуу борборунун алдындагы координациялык кеңеш 11 мүчөдөн куралган. Алардын сегизи жарандык коомдун өкүлдөрү. Булардан тышкары Жогорку Кеңештин эки депутаты жана Кыргызстандын акыйкатчысы бар. Аталган 11 мүчөнүн үчөө өзбек, экөө уйгур, бирөө орус, бешөө кыргыз улутундагылар.
Координациялык кеңештен тышкары Борбордун күндөлүк ишин туруктуу иштеген кызматкерлер жүргүзүшөт. (КЕ)