Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Лейлекте эки мектептин окуучулары менчик үйлөрдө окууда


Бул тууралуу депутат Назарали Арипов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Кайрагач жана Тогуз-Булак орто мектептери 2014-жылы өтө коопсуз абалга келип, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан окуу процессин жүргүзүүгө жарабайт деген тыянак чыгарылган. Натыйжада эки мектептин окуучулары күз айларында чатырларда окуп келсе, учурда айылдагы ижарага алынган менчик үйлөрдө окуп жатышат.

Кайрагач орто мектебинде 514дөй окуучу, Тогуз-Булак орто мектебинде 273 окуучу бар. Аталган мектептер 2015–2016-жылдын республикалык бюджетинин титулдук тизмесине критерийлер туура келбейт деген себеп менен киргизилбей жатат. Депутат балдар окуу имараттары жарабай калганча окуп, акырында менчик үйлөрдү ижарага алгандан башка да кандай критерийлер болушу мүмкүндүгүн айтып, аталган мектептерди титулдук тизмеге киргизүүнү өкмөттүн жана президенттин парламенттеги өкүлдөрүнө сунуштады.

XS
SM
MD
LG