Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин февралда карайт


Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Ал бул маселе өкмөттүн өтүнүчү менен жылып келатканын белгилеп, өкмөт даяр болсо да, болбосо да февралдын аягына чейин караларын айтты. Ошондой эле Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясына байланыштуу маселе да келерки айда караларын кошумчалады.

Бүгүнкү жыйында айрым депутаттар Кумтөр маселеси создугуп кеткенин айтып чыгышкан.

Кумтөр долбоору боюнча соңку сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн "Центерранын" жетекчилиги, Кыргызстандын чет элдеги юридикалык, каржылык жана экологиялык консультанттары Бишкекке келген.

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жолку сүйлөшүүлөр 30-январга чейин созулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG