Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Кыргызстанда балдардын 70% запкыга учуроодо


ЮНИСЕФтин акыркы маалыматы боюнча Кыргызстанда балдардын 70% зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылат.

Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдиришинче, зомбулуктун түрү ар кандай, маселен бала үйүнөн ата-энесинен жеме угуп, кемсинтүүгө учурап же таяк жейт. Же болбосо мектептен балдардын опузалап, мектеп рекеттеринин зомбулугуна кабылат. Бул багытта шаар жана айылдардагы жүздөгөн ата-энелер сурамжыланып, алардын ичинен 70% чукулу балдарын сөз укпаганы же мектептен кеч келгени үчүн уруп же катуу айтканын моюндашкан.

Назгүл Турдубекова ошондой эле балдарга карата зомбулукту токтотуу максатында өлкөдө 111 номериндеги кыска ишеним номерин киргизип, ага запкы көргөн бардык балдар анонимдүү кайрылгыдай шарт түзүү маселеси каралып жатканын кошумчалады. (BCh)

XS
SM
MD
LG