Бишкектеги караоке-барларды тинтүү аракеттерине байланыштуу “Кыргыз чоролору” бирикмесинин мүчөлөрү Бишкектин Биринчи май райондук милициясына сурак беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” бирикме жетекчиси Замир Көчөрбаев билдирди.
“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин отуз чакты мүчөсү 28-декабрдын түнүндө “Таатан” соода борборунун жанындагы кытайлардын караоке-барын тинтүүгө алып, 22 кызды сойкулук менен алектенет деген шек менен милицияга өткөрүп беришкен. Өздөрүн өлкөнүн мекенчил атуулдары санаган “Кыргыз чоролору” тарткан видеотасма коомчулукта талаштарды жараткан.
23-январда бирикменин “Кырк чоро” кошууну Бишкекте рейдге чыгып, “Люкс” караоке-барына кирип видеого тарткан. Ушундан кийин “Люкстун” ээлери милицияга арыз менен кайрылган. (КЕ)