Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Азербайжанда журналист беш жылга соттолду


Журналист Сеймур Хази.
Журналист Сеймур Хази.

Азербайжандын Абшерон райондук соту журналист Сеймур Хазини ээнбаштык кылган деп айып менен беш жылга кести. Өкүм 29-январда чыгарылды.

Хази - оппозициячыл маанайдагы “Азадлык” гезитинин журналисти, теле алып баруучу, "Элдик майдан" партиясынын мүчөсү. Ал былтыр августта камакка алынган.

Журналисттин туугандары ага чыгарылган өкүмдү “саясий буйрук” катары баалады. Адвокаты апелляцияга берерин билдирди.

Буга чейин 2011-жылы Хазини белгисиз бирөөлөр уурдап, сабап кетишкен болчу.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму бейшемби күнү жарыяланган жылдык баяндамасында Азербайжандын өкмөтү өлкөдө сынчыл турумду кармангандарга каршы “репрессияларды күчөткөнүн”, адам укуктары жаатындагы абалды мурдагыдан да начарлатканын белгиледи.

“Хьюман Райтс Уотчтун” эсебинде, азери өкмөтү былтыр саясий жүйөсү бар айыптар менен укук коргоочулардын, саясий жана жарандык активисттердин, журналисттердин, блоггерлердин 33үн түрмөгө камаган. (UE)

XS
SM
MD
LG