Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Куурчак театры балдарга карата коомдогу зөөкүрлүктү жомок аркылуу чагылдырат


Бүгүн Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы куурчак театры аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына “Бакыт бардыгы үчүн” аттуу спектаклди тартуулайт. Бул тууралуу театр жетекчиси Сатылган Сазаев “Азаттыкка” билдирди. Спектакль миграция шартында балдардын абалы, алардын ата-энесине болгон куса-сагынычы, коомдогу зөөкүрлүктү чагылдырат. Баланын образы чоң токойдун арасында калып, бакытты издеген чычкан аркылуу берилет. Ал бакытты издеп отуруп, апасынын жанынан табат. Сазаев соңку учурда ата-энелер балдарын театр же таалим-тарбия берчү жайларга көп алып барбай калганын белгиледи.

Соңку учурда Кыргызстанда балдарга карата зомбулук күчөп жатат деп жарандык коом тынчсыздануусун билдирип келет. ИИМдин маалыматы боюнча, 1,5 айда секелектерди зордуктаган үч факт катталган. Эксперттер көбүнесе ата-энеси ажырашкан, же балдарын жакындарына таштап, сыртка иш издеп кеткендердин балдары жабыркап жатканын айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG