Бул тууралуу “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер бүгүн Бишкекте өткөн жыйында билдирди. Миллер баштаган топ мекеменин Кыргызстанга инвестиция тартуу пландары менен тааныштырды. Анын белгилешинче, компания башкы схеманын алкагында Кыргызстандын газ менен камсыз болуу деңгээлин 3 эсе жогорулатуу максатын көздөйт. Бул иш бардык аймактарда жүрөт.
“Газпром” жетекчиси менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда бул иштерди аткаруу боюнча келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык, компания Кыргызстанга 5 жыл аралыгында 45 миллиард сом инвестиция алып келиши керек. Орус тарап бул мөөнөттү 3 жылдык кылып өзгөртүүнү сунуштады. (КЕ/TSh)