Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Шыкмаматов: Нарымбаев жөнүндөгү бейрасмий сүйлөшүү бурмаланган


Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкта". 14-ноябрь, 2013.
Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкта". 14-ноябрь, 2013.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Данияр Нарымбаевдин билдирүүсүнө байланыштуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жергиликтүү ММКнын биринин өкүлү менен Аида Салянованын отставкасы тууралуу жеке мүнөздөгү сүйлөшүүдө эмки баш прокурор Данияр Нарымбаев болушу ыктымал деген божомолун билдирген. Бирок ал журналист “Шыкмаматов Нарымбаевдин саясий оюндарынын негизинде Салянова кызматтан кетти деп айтты”,- деп ал бейрасмий сүйлөшүүнүн мазмунун бурмалап, гезитке жарыялап жиберген.

“Нарымбаев мындай майда нерсеге, ушакка көңүл бурбай эле койсо болмок. Жеке мүнөздөгү сүйлөшүүдө ким кимдир бирөө тууралуу эмне деп айтканын териштирүү, бул боюнча коалициялык көпчүлүктүн кеңешине кайрылуунун кажети жок эле. Анткени бул кеңеш жеке маселелерди эмес, мамлекеттин маанилүү маселелерин карай турган орган”, - дейт Шыкмаматов.

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев Шыкмаматовдун өзү тууралуу айткандарына байланыштуу кечирим сурашын талап кылап жатат жана анын жоопкерчилигин кароо боюнча коалициялык көпчүлүктүн кеңешине да кайрылганы маалым болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG