Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Ливиядагы кол салууда үч кыргызстандык каза болду


Ливия -- Corinthia отели кол салуудан кийин, 27-январь, 2015
Ливия -- Corinthia отели кол салуудан кийин, 27-январь, 2015

Ливиянын Триполи шаарындагы Corinthia отелиндеги кол салууда каза болгондордун арасында үч кыргыз жараны да бар. Бул маалыматты “Азаттыкка” Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эркин Исаков тастыктады. Анын айтымында, учак коштоочулары Галина Колосветова, Гүлзина Бешбакова жана авиатехник Замирбек Бекетаев S.Group International авиакомпаниясында, Стамбул-Триполи каттамында иштешчү. Учурда алардын жакындарына кабар берилип, маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү аракети көрүлүүдө.

S.Group International Кыргызстанга таандык компания. Ал өзүнүн Airbus A320-200 учагын ливиялык Buraq Air компаниясына ижарага берген. Кыргызстандык жарандар кезектеги Стамбул-Триполи каттамы менен Ливияга барган.

Аталган мейманканага кол салуу 27-январда болуп, бир канча киши мерт кеткен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, мейманканага беткап кийген куралчан беш адам чабуул койгон. Чабуул маалында имараттын жанындагы унаа да жардырылган. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG