Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Орус медиасы Путиндин дагы бир кызы тууралуу жазды


Журналист, блоггер Олег Кашин интернеттеги кабарында Москва мамлекеттик университетиндеги ири жер тилкесин өздөштүрүү боюнча 1.7 миллиард долларлык долбоордун көзүр жетекчилеринин бири Катерина Тихонова орус президенти Владимир Путиндин кызы экендигин жазып чыкты.

Анын алдында РБС деп аталган орус медиасы Тихонова аталган долбоордогу "Иннопрактика" компаниясынын директору экенин жазган. Рейтер агенттиги университетке жакын булакка шилтеме берип, Тихонова чынында эле Путиндин кызы деп кабарлады.

Кабарларга ылайык, Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Катерина Тихонованын ким экендигин билбей тургандыгын, ал президенттин балдары менен эмес, президенттин өзү менен иш алып барарын айтты.

XS
SM
MD
LG