Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Украинада курман болгондор тууралуу кабарланууда


Чыгыш Украинада Донецк шаарынын бийликтери маданий борбор аткыланганда беш киши, дагы экөө троллейбус ичинде отурганда ок тийип, каза тапканын билдирди.

Украин бийликтери 24 саат ичинде беш аскери окко учуп, 23ү жарадар болгонун маалымдады. Киев өкмөтү Дебальцево шаарында жана Мариуполдун чет жакасында жикчилдер украин армиясынын турумдарын аткылаганын маалымдады.

Январь айында согуш аракеттери күч алды. Ал арада Интерфакс агенттиги Украинанын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип, Минскидеги сүйлөшүү боюнча чечим кабыл алына элек деп билдирди. Бүгүн Минскиде жикчилдердин өкүлдөрү, Украина, Орусия жана ЕККУнун жаңы сүйлөшүүсү пландалган эле.

XS
SM
MD
LG