Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:15

Жумгалда хоккей боюнча республикалык ачык мелдеш өтүүдө


Жумгалдагы хоккей мелдешине жети команда катышып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган райондун спорт мектебинин машыктыруучусу Рахат Абышов билдирди. Анын айтымында, мелдештин байге фонду 300 миң сомду түзөт. 1-орунга 50 миң, 2-орунга 30 миң, 3-орунга 20 миң сом жана башка кызыктыруучу байгелер каралган.

Бул мелдеш быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Оюнга Чолпон-Ата шаарынын, Кочкор районунун жана Нарын шаарынын хоккейчилери келген. Мелдешке мындан сырткары Жумгал районунун жергиликтүү курама командалары катышып жатат. Эки күнгө созулган мелдеш эртең жыйынтыкталып, финалдык мелдештер өтөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG