Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Кыргызстан аялдар укугу боюнча Женевада отчет берет


Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү багытында өткөн акциядан алынган сүрөт. 2013.
Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү багытында өткөн акциядан алынган сүрөт. 2013.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдөгү аялдардын укуктарынын сакталышы боюнча февраль айынын соңунда Женевада отчет берет. Бул тууралуу мекеменин башчысы Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, министрлик учурда аталган баяндаманы даярдап жатат.

- Биз акыркы жолу 2012-жылы отчет бергенбиз. Анда БУУ биздин алдыбызга биртоп талаптарды койгон. Алар кыздардын эрте турмушка чыгышы, үй-бүлөдөгү аялдарга карата жасалган зомбулук жана жергиликтүү бийликте аялдардын аздыгы боюнча сунуштар айтылган, - деди Базарбаев.

Кечээ БУУнун фонду аялдарга карата зомбулук боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, кеңештерин берген.

Кыргызстан аялдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча БУУнун конвенциясына 1996-жылы кошулган. Буга карабай өлкөдөгү гендердик теңсиздик көйгөй жаратып келатканын укук коргоочулар белгилеп келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG