Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Оторбаев Нарындагы ГЭС курулушу менен таанышат


Бул тууралуу “Азатыкка” Нарын райондук администрациясынын жетекчиси Түгөлбай Жанбоев билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчысы бүгүн Жогорку Нарын каскадынын курулуш иштери менен таанышат.

- Эки жылдан бери курулуп жаткан убактылуу шаарчанын, кичи заводдордун курулуштары бүткөн. Быйылтан баштап ГЭСтин плотиналары жана каналдары курулат. Өкмөт башчы ушул иштер менен таанышат, - деди Жанбоев.

Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭС курулат. Аны Орусиянын “Русгидросу” менен Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы куруп жатат. Долбоорду толугу менен орус өкмөтү каржылайт.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Нарынга болгон сапарында кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бажы өтмөгүнүн ишмердүүлүгү менен да таанышты. (MiK)

XS
SM
MD
LG