Облустук төрөтканада 24-27-январда эки үч эм төрөлдү. Бул тууралуу облустук оорукананын башкы дарыгери Аманалы Нуралиев “Азаттыкка” билдирди. 33 жаштагы Аксынын тургуну Гүлназ Маматаева үч кыз төрөсө, 36 жаштагы шаар тургуну Гүлбарчын Мамазаирова бир уул, эки кыздуу болду.
- Энелердин саламаттыгы дурус, бирок ымыркайлар айына жетпей төрөлгөндүктөн дарыгерлердин көзөмөлүндө, - деди Нуралиев.
Былтыр облус аймагында 7000 наристе жарык дүйнөгө келген. Январь айында Ошто жана Таласта бирден үч эм төрөлгөн. (RsK)