Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Украинанын чыгышында 15 аскер каза таап, 33ү жараат алды


Бул тууралуу украин армиясынын командачылыгынын өкүлү Андрей Лысенко билдирди. Анын айтымында, жикчилдер менен болгон аткылашуудан акыркы бир сутка ичинде 15 аскер адамы каза таап, 33ү жараат алган.

Мындан сырткары Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаарындагы атышуулардан үч жай тургун каза таап, жети киши жараат алды. Бул тууралуу ИИМдин Донецктеги бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Аброськин билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч күндө Дебальцевого жакын шаарлардан миңге жакын жашоочу коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, аймакта ушу тапта жарык, жылуулук, суу жана байланыш жок.

Өздөрүн элдик республика атап алган Донецктин жикчилдери мындан мурдараак Дебальцево шаарын курчап алганын билдиришкен. Бирок Украина бийлиги бул маалыматты тастыктай элек. Учурда аталган шаарда аткылашуулар уланып жатат.

XS
SM
MD
LG