Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

ИМ тобу жапон журналисти өлтүрүлгөнүн жарыя кылды


“Ислам мамлекети” радикал тобу интернетке видео тасма жайгаштырып, андагы өлтүрүлгөн адам жапон журналисти Кэндзи Гото экенин билдирди.
Учурда аталган видеонун чын-төгүнү иликтенип жатат. Жапон бийлиги буга чейин Готону бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз болгонун айтышкан.

"Ислам мамлекети" тобу 20-январда интернетке видео жарыялап, анда куралчан согушкер эки жапон туткунун эгер бийлик аларды сатып алууга 200 млн. доллар бербесе өлтүрөбүз деп коркуткан. Мындан көп өтпөй барымтадагылардын бири Харун Юкаванын дарга асылганын интернетте жарыялашкан.

Кэкдзи Гото 1967-жылы туулган. Ал видеожурналист катары белгилүү, 1996-жылы Independent Press аттуу жеке продюсердик компания ачкан. Гото 2014-жылдын октябрында барымтага алынган. Ал ошол учурда жарым жыл мурда барымтага алынган Юкавуну бошотуу үчүн Сирияга барган.

XS
SM
MD
LG