Орусиянын Илимдер академиясынын президенти Владимир Фортов китепканадагы өрттү Чернобыль АЭСинде болгон кырсыкка салыштырды. Анын айтымында, Москвадагы Коомдук илимдер боюнча илимий маалыматтар институтунун китепканасындагы эмгектердин 15 пайызга жакыны жабыркаган.
Аталган китепканада жума күнү кечинде өрт чыккан. Тилсиз жоону бүгүн таңга маал гана токтотууга мүмкүн болгон. Учурда өрттүн себептери иликтенип жатат. Бул китепканадагы гуманитардык багыттагы сейрек кездешкен эмгектердин саны 14 миллионго жакын.