Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Төө-Ашуудагы тоннел маал-маалы менен жабылат


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда Ош-Бишкек жолунда жайгашкан тоннелдерди оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннел 10-февралга чейин маал-маалы менен жабылат. Оңдоо иштери бүткөнчө жол кыймылы күнүнө 1-2 саат токтотулушу мүмкүн.

Оңдоо иштерин Транспорт министрлиги жүргүзүүдө. Тоннелдер аба ырайынын катаал шартынан улам маал-маалы менен оңдоп турууну талап кылат. (UEz)

XS
SM
MD
LG