Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Гонконгдо демократиялык демонстрациялар кайрадан жанданды


Бүгүн Гонконгдо демократияны жактоочулардын ири демонстрациясы өттү. Гонконг бийлиги декабрда шаардын борборуна чогулгандарды тараткандан бери мындай нааразылык алгач ирет болду.

Демонстранттар шаардын каржылык, коммерциялык райондорунда жүрүш жасашты. Акцияга үч миңдей адам катышса, аларды эки миңдей полиция кызматкери коштоп жүрдү. Акциянын катышуучулары нааразылык символуна айланган сары түстөгү кол чатырларды жана “Биз жалпыга таандык шайлоо укугун талап кылабыз” деген ураандарды кармап турушту.

Гонконгдун администрация башчысын 2017-жылы түз шайлоону талап кылган эл мөөнөтсүз митингдерди өткөн жылдын сентябрында башташкан.
Кытай бийлиги Гонконгдун башчылыгына талапкерлер расмий Бээжинден көрсөтүлсө гана түз шайлоого уруксат берерин айтып келет.

XS
SM
MD
LG