Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Бейше-Булак участкасында бүгүн кечки саат алтыга жакын тоодон чоң таш кулап, жолду жаап калды. Окуя жолдун 313-километринде болгон. Кулаган таштын болжолдуу көлөмү 1200 куб метр. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ушул тапта министрликтин куткаруучулары, Транспорт жана байланыш министрлигинин атайын унаалары тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Жол коопсуздугу кызматынын адистери абалды көзөмөлдөп турат. Таш кулаган жердин эки жагында 70тен ашуун унаа топтолуп калган. Жарандар үчүн атайын көчмө пункттар уюштурулду. Жабыркагандар жок.
Адистер жолго дагы таш кулоо коркунучу бар экенин эскертип жатат. (SE)