Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Оппозиция өкүлдөрү Түркиядан жардам сурайт


Равшан Жээнбеков, парламенттеги оппозициячыл депутат.
Равшан Жээнбеков, парламенттеги оппозициячыл депутат.

Ушул тапта АКШда жүргөн кыргыз оппозиция өкүлдөрүнүн сапары 5-февралдан тарта Түркияда уланат. Алар түрк депутаттары менен Кыргызстанга колдоо көрсөтүү маселесинде сүйлөшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” сапардын демилгечиси, Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков билдирди:

- Экономикалык жактан күчтүү мамлекет катары Түркия Кыргызстанга көңүл бурушун, жумуш орду, мигранттарга байланыштуу атайын программаларды иштеп чыгуу боюнча сүйлөшөбүз. Коррупция менен күрөшүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын жандантуу багытында көмөк сурайбыз,- дейт Жээнбеков.

Кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү жогорудагы эле максаттар менен 23-январда АКШга жөнөп кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG